Жалал-Абадда мектеп окуучусу 7-кабаттан кулап каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 30-апрелде Жалал-Абад облусунун ИИБинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматтарга караганда, №5-мектептин Айгерим Абдукеримова аттуу окуучусу курбусу менен мурунку ун комбинатынын 10 кабаттуу имаратынын 7-кабатына чыгышкан. Жергиликтүү жаштар шаарды толугу менен көрүү үчүн ар убак бул имаратка келишери белгилүү болду. Укук коргоо кызматкерлеринин божомолунда ал жактан Айгерим Абдукеримова кокусунан кулап кеткен. Алган жараатынан улам окуя болгон жерден көз жумган.