* Мындан 161 жыл мурун, тагыраак айтканда, 1853-жылы 1-майда орус бийлиги Ормон хандын элин Орусия империясынын курамына алуу маселесин көтөргөн. Казактардын Чоң-Ордо приставы майор Перемышльскийге жолдонгон катта кыргыз манабы Ормон Ниязбековду эли менен бирдикте Орусия империясынын букаралыгына алуу зарылчылыгы белгиленет. Таасирдүү манаптын империя тарабына өтүшү аймактагы саясий абалды ыңгайлуу оңтойго оодара тургандыгы туурасында кенен кабарланат. Мындан тышкары катта Ормон ханды орус ордосуна чакыруу жана аздектеп күтүү, сый-урмат көрсөтүү сыяктуу кеп-кеңеш келтирилет.
* 1959-жылы 1-майда V чакырылыштагы “Ата Мекен” фракциясынан ЖКнын депутаты Болот Шер Талас облусунун Манас районундагы Пушкино кыштагында туулган. Жогорку билимдүү. 1988-жылы СССР ИИМинин Фрунзедеги атайын милиция мектебин бүтүргөн. 1977-1979-жылдары СССР Куралдуу күчтөрүнүн катарында кызмат өтөгөн. 1982-1991-жылдары Кыргыз ССР ИИМинин милиция органдарында кызмат кылган. 1994-жылы Талас облусунун Манас райондук эл депутаттарынын Үч-Коргон айылдык кеңешине депутат болгон.
2000-жылдын февралында II чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл өкүлдөр жыйынынын депутаты болуп шайланган. 2000-2004-жылдары Жогорку Кеңештин Жаштар иши, спорт, туризм, коомдук бирикмелер жана жалпыга маалымдоо каражаттары менен байланыш боюнча комитетин жетектеген.
2005-жылы Талас шайлоо округу боюнча III чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болуп шайланган. 2006-2007-жылдары Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басарынын, 2010-жылы Кыргыз Республикасынын Убактылуу өкмөтүндө Ички иштер министринин кызматын аткарган. Ушул эле жылы КРнын Президентинин жарлыгы менен кайра аттестациялоо тартибинде ага генерал-лейтенант наамы ыйгарылган.
2011-жылы КР Президентинин жарлыгы менен III даражадагы мамлекеттик жогорку Манас ордени менен сыйланган. Мамлекеттик кызматтын II класстагы мамлекеттик кеңешчиси. Болот Шер Эл аралык Көк бөрү федерациясынын негиздөөчүсү.

* Мындан 25 жыл мурун жаш ырчы мырза
Алихан Токтогул районунда жарыкка келген. Ал "Ата-эне", "Ашыкмын" деген ырлары менен өз күйөрмандарын тапкан.