Кара-Суу районунда атышуу болуп, бир жаран жараат алды. Ал Мелис Мырзакматовдун жакын тууганы экендиги айтылууда

Бүгүн, 30-апрель күнү саат 15:25те Кара-Суу районуна караштуу Дыйкан-Кыштак айылында атышуу болуп, андан Жеңишбек Сайдиев аттуу жаран жараат алды. Бул тууралуу Ош ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди. 

Маалыматка ылайык, Дыйкан-Кыштак айылынын Б.Осмонов көчөсүндө жашаган 1977-жылы туулган Сайдиев Жеңишбектин үйүнө белгисиз бирөө кирип, короодо турган үй ээсин кош ооз мылтык менен эки жолу аткан. Андан соң мылтыкты окуя болгон жерге калтырып, өзү кара-көгүлтүр түстөгү Мерседес-Бенц үлгүсүндөгү автоунаага отуруп, изин жашырып кеткен. Жабырлануучу Ж.Сайдиев оң колунан, көкүрөгүнөн жана арткы капталынан жараат алып, үй-бүлө мүчөлөрү тарабынан Ош шаардык ооруканасына жеткирилген. Окуя болгон жерди кароо учурунда 16-калибрдеги Иж-58м үлгүсүндөгү кош ооз ок атуучу мылтык, 2 даана 16-калибрдеги мылтыктын атылган октору далил катары алынган. Бул окуя боюнча топтолгон материалдар Кара-Суу РИИБине өткөрүлүп, КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 28-97-беренесине ылайык кылмыш иши козголду. Учурда тергөө амалдары жүрүүдө.

Кылмыштын бетин ачуу максатында тез арада шаардын жана облустун аймагында ‘‘Торомо” тосуу-издөө калыптык иш-чарасы киргизилип, окуя болгон жерде ыкчам-иликтөө иш-чаралары өткөрүлүүдө. "Анын өмүрүнө кол салуу жеке ишмердүүлүгү менен байланышкан" деген божомол боюнча иш алып барылууда.

Белгилей кетсек, айрым маалымат каражаттарында Жеңишбек Сайдиевдин Ош шаарынын экс-мэри Мелис Мырзакматовдун жакын тууганы экендиги айтылууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (22)
tynara1983
2014-04-30 20:39:19
Бакиевдин убагында аны жаманатты кылышчы еле ал еми кетип калган еми ким куноолу
+16
Doctor
2014-04-30 21:08:22
Бул бийликтин да сапары карып калды корунот...
+13
Shah
2014-04-30 21:47:20
кичине нерсеге деле бийлик кунолуу дей бербегилечи
-21
alas
2014-04-30 23:01:45
Shah, ушул сага кичине нерсеби адамдын омуру
+12
Abdyrawit
2014-04-30 23:19:46
Shah,
Бул кичине нерсе эмес да,бугун жарадар кылган болсо эртен олтурот.
Ошол бийликте дагы сага окшогондор олтурат.
Кичине нерсе экен отуп кетет деп.
+13
tabyshmak
2014-04-30 21:48:35
Байлык, бийлик, мансап учун кек сактап, адам олтуруу оной эле болуп калды мыкаачыларга...
+14
bomba
2014-04-30 22:42:47
Кайран, айкол элимен айланса болот, ишенген мэрин алдырышты, 1айдан бери газдары жок, эми жигиттерин четтен кырып баштады... Баканы да бассан баак дейт го.
+19
antiwithin14
2014-04-30 22:09:27
Эми кимиси пайда тапты,кимисинин моокуму канды? Аны жарадар кылды ,эмне озгорду. Адамдын кыжырын кайнатат.
-1
Abdyrawit
2014-04-30 23:31:35
Озу акыркы кундору кыргызстандын мекени кирминал болуп калды..
Мен ойлойм бул да болсо биликтин алсыздыгы деп.
Буга ким буйрук бергени белгилуу эле болду да элеге.издебей деле койсо болмок.баарибир таппайт.жаш бала башындагы шапкасын издегендей эле болуп жатат да
+15
mirrow
2014-04-30 23:45:50
Kimdin kolunan kelgeni bewten belgiluu. Uwu byilik siler Myrzakmatovdon ailanyp ele ketkilechi. Al jasagan iwterdin chekesin da kyla albaisynar. Silerge da jaza bardyr...
+12
Sharipa-asia
2014-04-30 23:51:50
Эксмэрден эмес туугандардан башталыптыр даааа, мынаке саясааааат
+10
peri...97
2014-05-01 01:26:16
Адамдар кичине сабыр менен журогундо ыйманы менен болсо экен
+8
Qnet
2014-05-01 02:32:52
Келечегибиз кандай болот экен деги,мындай кете берсек,эртенки куну Кыргызстандын "К"сы дагы калбайт го!Экономикабыздын акыбалын ойлонсом коркуп кетем...Адамдын жаны бир чымчыкка эле барабар болуп калды го!Эх адамдар унутпайлычы,аркы дуйного жадакалса бир байпагыбызды да алып кете албашыбызды ...
+4
aza150691
2014-05-01 02:51:13
Атамбаев да артындагы жургон адамдар артын жапкан гезит телевидениенин баары акча деп буткон айвандар экен башка соз калбады буларга..
+12
alai.gulcha94
2014-05-01 02:54:52
Бирин олуп бирин кал болуп калышыптыр эми
-7
fara2503
2014-05-01 03:16:32
кимди ким колдоп атканы даана эле билинип атат туугандар трайвализмге алдырбайлычы ошондо гана суйуктуу кыргызстаныбыз гулдоп онугот
0
Revolyutsioner
2014-05-01 05:34:34
Менде бир божомол бар болуучу, 15-январда 20-30 мин адам чогулган митингде бийликке катуу сын айткан Мырзакматовдун оозун жаап, жолун тосуу учун бийлик криминалдарды ишке салды деген, уй-було, жакындарын, бизнесин коркунучта, тизгининди тарта жур деген... Мырзакматовдун дароо эле дайны чыкпай 2-2,5 айдан бери Урумчу, Москвада жургонун, ОшТВнын сатылышын да ошого байланыштыргам, бугунку окуяны окуп, криминалдар олтурбой атайын жарадар кылганы Мырзакматов учун жесткий эскертуу деп тушундум!!!
+16
Made_in_Mama
2014-05-01 16:38:54
Revolyutsioner, sizdin oyunuz tuura dep oiloim.
0
suyom_seni
2014-05-01 11:37:50
Сасссык саясат!!! бирин бирин тынчытмай башталды!озу Ак уйго чондордун баарын топтоп жардырыпле тынчытыш керек болду ..
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан