Бүгүн, 30-апрелде Кытайдын Үрүмчү шаарынын темир жол бекетинде катуу жардыруу болду. Кытайдын "Синьхуа" агенттигинин маалыматына таянсак, жардыруу бекеттин кире беришинде болгон. Азырынча набыт болгондор тууралуу маалымат жок, бирок жараат алгандардын бар экендиги жана алар ооруканаларга жеткирилгендиги айтылууда.
Окуя катталары менен куралданган укук коргоочулар темир жол бекетин курчоого алып, ага кирүүчү жолдордун баарын жабышкан. Ошондой эле бекетте жүргөн элди эвакуациялашкан. Бийлик өкүлдөрү чабуулду радикалдуу маанайдагы уйгур жикчилери уюштурду дешүүдө.
Белгилей кетсек, акыркы жылдары өлкөдө коопсуздук күчтөрү менен уйгур жикчилери ортосундагы тирешүү көбөйүүдө.