Премьер-министр Жоомарт Оторбаев Кыргызстандын Бажы биримдигине кирүү маселеси боюнча Орусияда иш сапары менен жүрөт. 30-апрелде өкмөт башчы орусиялык ММКлардын өкүлдөрүнө маалымат жыйын өткөрдү. Ага 45тей журналист катышып, бир сааттын ичинде Оторбаев 20дан ашык суроого жооп берүүгө үлгүргөнүн өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди. Анда премьер-министр эки өлкөнүн кызматташтыгы, Кыргызстандын Бажы биримдигине кириши, Орусиядагы кыргызстандык мигранттардын абалы, энергетикалык долбоорлор боюнча суроолорго жооп берди.