Чыныбай Турсунбеков 2020-жылга чейин кыргыз тилин өнүктүрүү пландарын атады  

“Кыргызстанда 2014-жылдан 2020-жылга чейин мамлекеттик тилди өнүктүрүү үчүн “Кыргызтест” негиздерин иштеп чыгуу пландалууда. Бул мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аныктай турган борбор болуп саналат”,- дейт КСДП фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбеков. Муну депутат 30-апрелде “Парламент” радиосундагы түз байланышта билдирди. Турсунбеков 2014-2020-жылдары өлкөдө кыргыз тилин өнүктүрүүнүн жана тил саясатын өркүндөтүүнүн улуттук программасын иштеп чыгуу боюнча жумушчу топтун жетекчиси.

Мамлекеттик тилдин маданияттуулугун арттырууда билим берүү чөйрөсү менен чектелбей, ММКларды  жакындан ишке тарта билүү, радио, телекөрсөтүүлөрдүн тил жаатындагы чыгарылыштарын арбытуу, балдар үчүн атайын анимациялык сериалдарды сунуштоо иштери колго алынарын айтты Турсунбеков.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан