Бишкекте Казакстандан уурдалган унаа табылды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы кечээ, 30-апрелде билдирди.
Маалыматка караганда, 24-апрель күнү Бишкек шаарындагы кичи райондордун биринен КРнын жараны А.Кнын башкаруусундагы Ниссан Кашкай унаасы токтотулган. Аны текшерүүгө алганда унаанын тиешелүү документтери жок болгон жана жасалма мамлекеттик номур менен жүргөн. Ошондой эле унаа 2013-жылдын ноябрь айында Казакстандын Астана шаарынан уурдалганы белгилүү болду. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.