Алмазбек Атамбаев иш сапары менен Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районуна барат

Бүгүн, 1-майда президент Алмазбек Атамбаев эки күндүк иш сапары менен Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районуна барат. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык-саясат бөлүмү кабарлады.

Маалыматка караганда, өлкө башчы 2-май күнү Түндүк-Түштүк альтернативдик автожолунун расмий ачылышына катышат. Унаа жолунун курулушу боюнча долбоорду ишке ашыруунун башталышына арналган салтанаттуу иш-чара Жалал-Абад облусунун Казарман кыштагында, көрсөтүлгөн долбоордун биринчи фазасынын эки чөлкөмүнөн бир башталган жерде болот.

Эске салсак, унаа жол президенттин тапшырмасы менен курулуп жатат. Негизги максаты өлкөнүн түндүк менен түштүк аймактарын бириктирүүчү альтернативдик жолдун коопсуздугун түзүү болуп саналат. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан