Кечээ, 30-апрелде Үрүмчү шаарындагы темир жол бекетинде жардыруу болуп, анын кесепетинен 3 адам каза таап, 79 адам жараат алды. Жарылуу бекеттин кире беришинде болгон. Кытайдын борбордук телеканалынан кеткен маалыматта террорчулардын бычак менен куралдангандыгы айтылат.
Окуя катталары менен куралданган укук коргоочулар темир жол бекетин курчоого алып, ага кирүүчү жолдордун баарын жабышкан. Ошондой эле бекетте жүргөн элди эвакуациялашкан. Бийлик өкүлдөрү чабуулду радикалдуу маанайдагы уйгур жикчилери уюштурду дешүүдө.
Белгилей кетсек, акыркы жылдары өлкөдө коопсуздук күчтөрү менен уйгур жикчилери ортосундагы тирешүү көбөйүүдө. 2013-жылдын аягында Кашкар округунда куралданган топ полиция кызматкерлерине кол салган. Жыйынтыгында 9 кылмышкердин 8ин атып өлтүрүшкөн.