Орусиянын Москва калаасынын Южное Бутово районунда кыргызстандык жана тажикстандык мигранттар батирдин кожойкесин өлтүрдү деп шектелүүдө. Бул тууралуу кечээ, 7-январда орусиялык жалпыга маалымдоо каражаттары жазып чыккан. Орусиялык полиция 6-январда күндүзгү саат 11:00дөр чамасында Маршал Савицский көчөсүндөгү өз үйүнөн Зинаида Лукинованын өлүк денесин табышкан. Анын денесинин жанында кан болгон үтүк, ашкана бычагы табылган. Ал эми денесинде үтүктөн күйгөн издер, мээсинде жарааты болгон. Кожойкени сабап, бычак менен тамагын кесип салган. Изилдөөнүн алдын ала жыйынтыгына ылайык, 38 жаштагы Бахтияр Назаров деген кыргызстандык атуул Орусияда мыйзамсыз иштеп, Лукинованын үйүндө батирде бир жылдан бери жашап жүргөн. Аны 42 жаштагы тажикстандык мигрант Бахтияр Рузиев батир үчүн кымбат акча төлөөрүн айтып, бир жылдык батир акысынын жарымын кайра алууну сунуштайт. Жаңы жылды майрамдоо үчүн уюштурулган кечеден кожойке каза таап, столдун үстүндө арткан ичимдик менен идиштер, тамеки калдыктары калган. Бул иш боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө жүргүзүлүп жатат.