Ноокен районунун Сакалды айыл аймагындагы Чек айылында 2014-жылдын 30-апрелинде таңкы саат 04:30 чамасында жаап өткөн жаандын кесепетинен Кара-Үңкүр дарыясындагы суунун деңгээли көтөрүлдү. Анда жалпы узундугу 1780 метр болгон дамбанын 350 метр аралыгын суу жеп кетип, дагы 400 метр аралыгы жараксыз абалга келген. Дарыядан ашкан суу 6 гектар айдоо аянтын каптаган. Бул тууралуу бүгүн, 1-майда ӨКМнын басма сөз кызматы кабарлады.
ӨКМнын Ноокен райондук бөлүмүнүн башчысы Кубатбек Нурбаевдин билдирүүсү боюнча, дамбаны калыбына келтирүү үчүн айыл аймагы тарабынан жеке менчик 1 даана бульдозер, 1 даана экскаватор жана Өзбек Республикасынын Пахта-Абад районунун жергиликтүү бийлиги тарабынан кесилген таш жүктөлгөн 3 даана КамАЗ унаасы тартылды. Анткени дарыянын суусунун көтөрүлүүсүнөн Өзбек Республикасынын аймагына да кооптуу абал түзүлгөн.