Ош. Кара-Суу районунда болгон атышуудан жараат алган жарандын Мелис Мырзакматовдун тууганы эмес экендиги аныкталды

Кечээ, 30-апрелде Кара-Суу районуна караштуу Дыйкан-Кыштак айылында атышуу болуп, андан Жеңишбек Сайдиев аттуу жаран жараат алып, туугандары тарабынан Ош шаардык ооруканага жеткирилген болчу. Бүгүн, 1-майда ага операция жасалып, учурда абалы туруктуу экендигин Ош ОИИБинин басма сөз катчысы Жеңиш Ашырбаев билдирди.

“Кечээ бир катар маалымат булактары ок жеген жаранды "Ош шаарынын экс-мэри Мелис Мырзакматовдун жакын тууганы" деп жазып чыгышты. Биз иликтөө ишин жүргүзгөндө Жеңишбек Сайдиевдин апасы Мырзакматовдун айылынан экендиги аныкталды. Мындан улам ал экс-мэрге “тага” деп кайрылчу экен. Чындыгында, туугандыгы жок экени маалым болду”,- дейт Ашырбаев.

Ошондой эле Ош ОИИБинин басма сөз катчысы Жеңиш Ашырбаев жабырлануучунун өз фамилиясы Өсөров Жеңишбек Өсөрович болгонун жана 1998-жылы КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 72-беренеси, 235-беренесинин 3-бөлүмү менен 14 жылга, 2003-жылы 168-берене менен 8 жылга соттолгонун айтты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (14)
balshirin
2014-05-01 14:06:34
ким не десе дагы эл билет Мелистин кандай экенин!!! Мелис татыктуу эле мэр болду!!! Мелистей иштеген башка мэрди мен лично коргон жокмун!!! Ошто канчалан мэрлер болду, бирок бири да арзый турган эч нерсе кылбады
+17
cool.botya
2014-05-01 14:19:58
Мелистин урушта качканы туурасында Оштогу спортсмен жигиттер жана криминалга аралашкандар гана билет. Мелистин күйөрмандары капа болбогула, тилекке каршы, Мырзакматовдун качканы кашкайган чындык.
-15
Made_in_Mama
2014-05-01 16:44:31
cool.botya, bizdin mamlekette adilettuuluk jok bolso, sebebi jok korkutuular bolso, anda Melis emne kylyw kerek. Ketet da anan. Kalsa jonu jok kamap koyiwat je olturuwot. Belgiluu da. Je sizdin oyunuzcha kogorup kalyw kerek bele meni jok kylgyla dep. Jan wirin. Melis bawka aila tappady. Amal jok ketkenge tuura keldi. Siz anyn orduna bolgonunuzda ebak ele kettiniz ele bir chetke. Al akyryna cheiyn kurowtu. Attin, bizdin akyly jok, ach koz bawchylarybyz onolboi turgan boluwtu!!!
+1
admin_portal
2014-05-01 14:50:45
bakasova.a - 10 күнгө БАН!
Далили жок, такталбаган маалымат жазып, кимдир-бирөөнүн кадыр-баркына шек келтирүүгө тыюу салынат. Провокацияга жол берилбейт.
+6
yasmina_kg
2014-05-01 15:01:43
Бийлике келе турган дагы бир методу,элдин ишенчине кириш.Мырзакматов ,акылдуулук кылды.Аткара турган арам иштерин комускодо сактап,элдик киши болуп чыга келди.Анын максаты преиздентке жетиш керек болчу.Бирок бийлике жеткенде,азыркы бийликтей элин Уруп ойнобой калат.
-8
Made_in_Mama
2014-05-01 16:48:20
yasmina_kg, Мелис президенттикти коздогон адам эмес. Ал элине куйгон адам. Ал мэр болуп турганда кандай куйоорун корсотту элине. Билип билбей суйлой бербечи!!!
+3
maestro123
2014-05-01 15:18:47
Алдыбызда жашап элге эмгеги менен жаккан кадрларды остуро албайбыз. Эл айтса калп айтпайт. Мелис мырза озунун аз убакыт ичинде корсоткон ишмердуулугу элге жаккан ошондон улам эл колдойт. Тырмактан кир издеп жашагандар ар бир эле элде бар. Куруч да курмоксуз болбойт. Сабырдуулук кылалы.
+6
AZIK01
2014-05-01 15:52:07
Бул жерде Мелисти неге жабыштырып жатат. Анын оз аты бар экенго!
Эми Ош тарапта не болсо, Мелестин тууганын атып кетиптир, Мелистин тагасы ооруп калыптыр, Мелистин женеси бир деке болуптур болот экенда. Оз аты бар, фамилиясы бар, ушундай жаран атышууда жаракат алды болот да. ХХХ ХХХ ХХХ ХХХ...
+5
admin_portal
2014-05-01 16:06:55
AZIK01 - эскертүү!
Сайттын же гезиттин ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-пикирлер info@super.kg же admin@super.kg электрондук даректерге жазылып жөнөтүлүшү керек.
Ал кабарда "Белгилей кетсек, айрым маалымат каражаттарында Жеңишбек Сайдиевдин Ош шаарынын экс-мэри Мелис Мырзакматовдун жакын тууганы экендиги айтылууда." деп түшүнүктүүжазылган.
-2
AZIK01
2014-05-01 19:57:19
admin_portal, Оозеки эскертуу да жетиштуу эле, рахмат.
0
Made_in_Mama
2014-05-01 16:49:32
AZIK01, мурда Бакиевке тонкошчу эле. Эми Мелиске отушот окшойт ээ?!
+3
artur_kgboy
2014-05-01 16:09:50
jenyw mafia dep ataluchu Bul adam melistyn jakyn adamdarynan bolup eseptelet
-3
mishadjan
2014-05-01 16:53:15
Мелистен айланып кетсенер экен АШАнын кошоматчылары.
+5
yasmina_kg
2014-05-02 09:13:17
Бийлике келгенде бары бир унутуласынар.Ушу созум эстеп койгула.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан