Борбор калаада бир нече уурулуктун бети ачылды. Бул тууралуу 30-апрелде Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Белгилүү болгондой, милицияга Бишкек шаарынын тургуну Т.Азиз кайрылган. Ал 20-25 жаштагы балдар Кулиев менен Рыскулов көчөлөрүнүн кесилишинде күч колдонуп 2700 сомдук телефонун тартып алышканын айткан. Тергөө амалдарынын жүрүшүндө Биринчи Май РИИБи тарабынан Ала-Тоо конушунун 20 жаштагы тургуну К.Жанар кармалды.
Укук коргоо органдарына борбор калаанын жашоочусу кайрылган. Ал 30-апрель күнү саат 10:00дө Саламаттыкты сактоо министрлигинин алдындагы Улуттук госпиталдагы палаталардын биринен белгисиз адамдар “Нокиа-206” үлгүсүндөгү телефонун уурдап кетишкенин айткан. Иликтөө иштеринин жүрүшүндө Бишкек ШИИББи тарабынан 43 жаштагы А.Асан колго түшүрүлдү.