* 2013-жылдын 2-майында Бишкек шаардык сотунда “бийликти күч менен басып алуу аракети” беренеси менен айыпталган Жогорку Кеңештин депутаттары
Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров, Талант Мамытов боюнча кезектеги соттук отурумдун жыйынтыгында депутаттардын баш коргоо чарасы өзгөртүүсүз калып, алардын жан сакчылары үй камагына чыгарылган.
* Мындан 52 жыл мурун, тагыраак айтканда, 1962-жылы 2-майда СССРдин спорт чебери, КРнын Панкратион федерациясынын негиздөөчүсү Эдил Молдалиев Чүйдүн Жайыл районуна караштуу Суусамыр айылында жарыкка келген. Ал бокс боюнча Кыргызстандын жана СССРдин бир нече жолку чемпиону, панкратион боюнча эл аралык көптөгөн мелдештердин жеңүүчүсү болгон. * 1945-жылы 2-майда советтик аскерлер Берлин шаарын ээлеп алууга жетишкен. Ата Мекенди коргоо үчүн 4 жылга созулган согуштун соңку илеби келип, миңдеген жоокер фашисттер бекинген уюкка эки-үч эселенген күч менен сокку уруп турушкан. Согушка кыргызстандык жоокерлер да катышып, алар фашисттик Германиянын кулашына өз салымын кошушкан.

* Мындан 3 жыл мурун "Аль-Каида" террордук уюмунун лидери
Усама бен Ладен Пакистандын Абботтабад шаарында АКШнын атайын аскерлери тарабынан өлтүрүлүп, анын денеси деңизге чөктүрүлгөн.