Жалал-Абад облусунда жамгырдын кесепетинен Кара-Үңкүр дарыясынын деңгээли көтөрүлүп, 6 гектар айдоо жерин каптап кетти

Жалал-Абад облусунун Ноокен районунда 30-апрель күнү жаап өткөн жаандын кесепетинен Кара-Үңкүр дарыясынын деңгээли көтөрүлүп, дамбанын 350 метр аралыгын жеп кеткен. Ошондой эле 400 метр аралыгы жараксыз абалга келген. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы бүгүн, 2-майда билдирди.

Маалыматка караганда, дарыядан ашкан суу 6 гектар айдоо жерин каптаган. Учурда дамбаны калыбына келтирүү иштери жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан