Кыргызстанда өткөн сутка ичинде 7 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу бүгүн, 2-майда ӨКМнын басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында 2, Чүй облусунда 1, Жалал-Абад облусунда 1, Ош облусунда 1, Ысык-Көл облусунда 1, Талас облусунда 1 өрт кырсыгы катталган.
Ош облусунун Кара-Суу районунда өрт кырсыгы катталып, бастырманын чатыры жана 100 түк чөп күйүп кетти. Учурда тилсиз жоонун келип чыгуу себептери такталууда.