Ош. Тайырбек Сарпашев Жеңишбек Сайдиевдин өлүмүнө байланыштуу кылмыштын бетин ачуу боюнча тапшырма берди  

КРнын Биринчи вице-премьер-министри Тайырбек Сарпашев 1-майда Ош шаарында түштүк аймагындагы күч түзүмдөрүнүн жетекчилери менен чогулуш өткөрдү. 

Анын жүрүшүндө Тайырбек Сарпашев бир катар жетекчилерден коомдун коопсуздугун сактоо боюнча иш-чаралар тууралуу маалымат алды. Ошондой эле биринчи вице-премьер-министр 9-Май - Жеңиш күнүнө карата коомдук тартипти сактоого бардык аракеттер көрүлүшү керектигин айтты. 

Мындан сырткары Жеңишбек Сайдиевдин өмүрүнө кол салуу болгондугу талкууга алынды. Тайырбек Сарпашев ички иштер органдарына Сайдиевдин өлүмү боюнча кылмыштын бетин тез арада ачуу тапшырмасын берди. Бул тууралуу 2-майда өкмөттүн басма сөз кызматы маалымдады. 

Эске салсак, 30-апрелде Кара-Суу районуна караштуу Дыйкан-Кыштак айылында атышуу болуп, анда Жеңишбек Сайдиев аттуу жаран оң колунан, көкүрөгүнөн жана арткы капталынан жараат алып, үй-бүлө мүчөлөрү тарабынан Ош шаардык ооруканасына жеткирилген. Окуя болгон жерди кароо учурунда 16-калибрдеги Иж-58м үлгүсүндөгү кош ооз ок атуучу мылтык, 2 даана 16-калибрдеги мылтыктын атылган октору далил катары алынган. 

Жабырлануучуга 1-майда операция жасалган эле. Бирок ал алган жарааттарынан улам ооруканада көз жумган. Айрым маалымат булактары маркум Жеңишбек Сайдиевди Оштун экс-мэри Мелис Мырзакматовдун жээни деп жазып чыгышкан эле. Ал эми Ош ОИИБинин басма сөз кызматы "Биз иликтөө ишин жүргүзгөндө Жеңишбек Сайдиевдин апасы Мырзакматовдун айылынан экендиги аныкталды. Мындан улам ал экс-мэрге “тага” деп кайрылчу экен. Чындыгында, туугандыгы жок экен" деп маалымат беришти.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан