Бүгүн, 2-майда Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунун Казарман айылына өлкө башчы Алмазбек Атамбаевдин келиши күтүлүүдө.
Президент Түндүк-Түштүк альтернативдик унаа жолунун курулушунун башталышын расмий түрдө ачуу аземине катышат.
Иш-чарага транспорт жана коммуникация министри Калыкбек Султанов, өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлү Жусупжан Жээнбеков жана башкалар катышат.