“Жаш мугалимдин депозити” программасы менен иштеп баштаган мугалимдерге 2 жылдык акчасы берилбей жатыптыр

Өкмөт “Жаш мугалимдин депозити” программасы менен иштеп жаткан мугалимдерге 2 жылдык акчасын төлөп бербей жатат. Муну парламент депутаты Дастан Жумабеков SUPER.KG порталына билдирди. Айтымында, төлөнбөй жаткан акчанын суммасы 65-70 миң сом (ар бир мугалимге).

“Бир нече жаш кадрлар 2010-жылы аталган программа аркылуу келишим түзүп, иштеп башташкан. 2011-жылы өкмөт аталган программаны токтоткон, азыр иштебейт. Бирок келишим 3 жылга түзүлгөн, 2010-жылкы келишим менен иштеп баштаган жаш мугалимдер 2013-жылга чейинки акчасын алышы керек болчу. Бирок 2011-жылдан кийинки акчалары берилбей жатат. Башкача айтканда, сынак аркылуу өтүп, аталган программа менен өлкөнүн ар кайсы аймактарында иштеп жаткандар 2 жыл бекер (программада убада кылынган акчаны албай) иштешүүдө”,- дейт депутат.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан