КТРКнын кабарчыларын сабаган жаранга карата кылмыш иши козголду. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди. Эске салсак, кечээ, 7-январда колдонгон электр энергиясы үчүн карызын төлөбөгөн жарандарга КТРКнын журналисттери менен РЭСтин кызматкерлери жүргүзгөн рейд учурунда белгисиз жаран тартуучу топко кол салган. Ал "Ата-Түрк" сейил багындагы Малдыбаев көчөсүндөгү №16-үйдүн жанында КТРКнын кабарчылары Бурулай Пусурманкулова жана Ширин Асанакунованы сабаган. Тартууну токтотууну талап кылып, итин агытам деп коркуткан.