Ош облусунун Чоң-Алай районунда 1-Май - Эмгекчилердин эл аралык күнүнө карата спорттун бильярд түрү боюнча мелдеш өттү. Бул тууралуу бүгүн, 2-майда аталган райондун акими Абдилазиз Ашыралиев билдирди.
"Кечээ, 1-Май майрамына карата Чоң-Алай районунун тургундарынын арасында бильярд боюнча мелдеш өткөрүп, жеңүүчүлөрдү баалуу белектер менен сыйладык. Ошону менен катар веложүрүш уюштурууну пландаганбыз. Тилекке каршы, жааган жамгырдан улам бул иш-чараны токтотууга туура келди",- деди ал.