Түндүк-түштүк кошумча унаа жолунун жалпы узундугу 433 чакырымды түзөт

Кыргызстанда курула турган түндүк-түштүк кошумча унаа жолунун жалпы узундугу 433 чакырымды түзүп, 3 фазага бөлүнүп курулат. 1-фаза 154 чакырымды түзүп, Кызыл-Жылдыз – Арал айылдарын, Казармандан Жалал-Абад шаарына чейин (291-433 чакырым) камтыйт. 
2-фаза 96 чакырымды түзүп, Арал – Казарманды байланыштырат. Улуш тилкесинде узундугу 700 метрди түзгөн тоннелди куруу каралып жатат. 2-фазага 284 миллион доллар жумшалары айтылды. 
3-фаза 183 чакырымды түзүп, Балыкчы шаары менен Кызыл-Жылдыз аркылуу өтөт (183 чакырым). Бул тилкеге жалпысынан 166 миллион доллар жумшалат. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан