Бий спорту боюнча Орусияда өткөн “Олимп Кубогу-2014” Эл аралык мелдешинде кыргызстандык спортчулар коло медаль утушту. Бул тууралуу аталган спорт түрү боюнча федерациядан маалымдашты.
Маалыматка ылайык, мелдеш 3000ден ашуун спортчунун катышуусунда өттү. Кыргызстандын желеги астында чыккан Святослав Бибяев жана Валерия Качалко жуптугу латын америкалык стилде 87 жуптуктун ичинен 3-орунду ээлешти.