Ош. Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков иш сапары менен Ноокат жана Кызыл-Кыяда болот

Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков бүгүн, 2-майда Ош облусунун Ноокат районунда жана Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарында иш сапары менен болот. Бул тууралуу өкмөттүн Ош облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди. Аны менен кошо Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Төрөбай Зулпукаров, депутаттар Абдыжапар Бекматов, Бахтияр Кадыров, Ыргал Кадыралиева келишет.

Иш сапар алкагында депутаттар аймактардагы билим берүү, саламаттыкты сактоо мекемелеринин иши менен таанышып, жергиликтүү бийлик жана коомчулук өкүлдөрү менен жолугушат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан