Кара-Суу районундагы атышуудан жараат алып, кийин каза болгон Жеңишбек Сайдиевдин өлүмү боюнча иликтөө иштери жүрүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 2-майда ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматтарга караганда, каза болгон Жеңишбек Сайдиев мурда эки жолу соттолгон. Баңгизаттарына байланыштуу 14 жылга, ал эми каракчылык боюнча 8 жылга кесилген.
Сайдиевди белгисиз адам 4-5 метр аралыктан аткан. Кийин Мерседес-Бенц унаасына отуруп, белгисиз тарапка качып кеткен.
Эске салсак, "Жеңишбек Сайдиев Ош шаарынын экс-мэри Мелис Мырзакматовдун тууганы" деген маалымат тараган. Бирок укук коргоо кызматкерлери каза болгон адам менен М.Мырзакматовдун туугандыгы жок экендиги аныкталганын маалымдашты.