Жогорку Кеңештин депутаты Карганбек Самаков “Ататүрк - Ала-Тоо” университетинин ардактуу профессору" наамын алды. Муну бүгүн, 2-майда парламенттин маалымат кызматы билдирди. Апрель айында аталган окуу жай 2014-жыл – Мамлекеттүүлүктү бекемдөө жылынын алкагында "Манас" күндөрүн өткөрүштү.
Иш-чарада Кыргыз Эл баатыры Бексултан Жакиев, академик Абдылдажан Акматалиев жана башкалар "Манас" үчилтигин ЮНЕСКОнун тизмесине каттатуудагы депутат Карганбек Самаковдун эмгегин белгилешти. Түркия менен Кыргызстандын ортосундагы билим берүү жаатындагы кызматташтыктын натыйжалуу болуп жатканын айтышты. Жыйынтыгында Карганбек Самаковго “Ататүрк - Ала-Тоо” университетинин ардактуу профессору" деген диплом тапшырылды.