Кечээ, 7-январь күнү саат 9:00дөр чамасында Ысык-Көл облусунун Каракол шаарындагы Торгоев көчөсүнүн №59-дареги боюнча жайгашкан үйдөн өрт чыгып, 3 чарчы метр жыгач полу, керебет, төшөнчүсү күйүп, үй ээси каза тапкан. Бул тууралуу Каракол шаарынын өрткө каршы кызматынын капитаны Алмаз Белеков билдирди.
Өрттүн натыйжасында 1970-жылы туулган үй ээси Алиаскар Исламов түтүнгө ууланып каза болгон. Эске сала кетсек, өрт тамеки чегүүдөгү этиятсыздыктан келип чыккан.