Панфилов районунда жөө жүрүүчүнү сүзүп, окуя болгон жерден качып кеткен айдоочу кармалды

Панфилов районунда жөө жүрүүчүнү сүзүп, окуя болгон жерден качып кеткен айдоочу кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 2-майда билдирди.

Маалыматка караганда, үстүбүздөгү жылдын 30-апрель күнү саат 04:50 чамасында Бишкек-Чалдыбар унаа жолунун 90-чакырымында белгисиз айдоочу унаасы менен 1962-жылы туулган жаранды сүзүп кеткен. Анын кесепетинен жабырлануучу ошол жерде каза тапкан. Ал эми айдоочу окуя болгон жерден из жашырып качып кеткен. Бул боюнча ыкчам аракеттер жүрүп, аталган жол кырсыгына шектүү катары Кара-Балта шаарынын 1981-жылы туулган тургуну кармалды. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан