Сокулук районунда мал уурулук фактысына шектүү адам кармалды

Сокулук районунда мал уурулук фактысына шектүү адам кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 2-майда билдирди.

Маалыматка караганда, милиция кызматкерлерине Сокулук районунун 27 жаштагы тургуну кайрылган. Анда ал 27-апрель күнү кечинде белгисиз адамдар короосундагы атын уурдап кетишкенин айткан. Бул боюнча кылмыш иши козголуп, иликтөө иштери башталган. Анын натыйжасында аталган кылмышка шектүү катары 36 жаштагы С.Ж. аттуу жаран кармалды. Учурда уурдалган ат ээсине кайтарылып берилди. Тергөө амалдары уланып жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан