УКМКнын коррупцияга каршы кызматы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарындагы коррупциялык иш- аракеттерди ачыктады. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы бүгүн, 2-майда билдирди.
Маалыматтарга караганда, Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Жаңы-Жол айыл өкмөтүнүн айрым кызматкерлери Т.С. аттуу жаран менен кылмыштуу бүтүмгө барышкан. Тактап айтканда, Т.С. аттуу жаранга 200 тонна минералдык жер семирткич берүүгө маалым кат беришкен. Т.С. тарабынан 92 тонна селитра жана аммофос Баткен облусуна ташылып бараткан жолдо кармалды.
Аталган окуя боюнча УКМКнын тергөө бөлүмү тарабынан "документтерди, мамлекеттик сыйлыктарды, штамптарды, мөөрлөрдү, бланктарды колго жасоо, даярдоо, сатуу же алардын жасалмаларын пайдалануу" жана "ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же төлөмөр болуу" беренелери менен кылмыш иши козголуп, иликтөө уланууда.