"Кыргызгаздын" жетекчиси депутаттар өкмөткө иштегенге мүмкүнчүлүк бербей жатканын айтты
Бүгүн, 8-январда КРнын Энергетика жана өнөр жай министрлигинде өткөн отурумда "Кыргызгаз" ишканасынын жетекчиси Тургунбек Кулмурзаев депутаттардын чарба иштерине аралашып жатканын сынга алды. Анын айтымында, кечээ жакында Кыргызстанда газ берүү үзгүлтүккө учураганда 17 депутат телефон чалып, үйлөрүнө газ берүүнү тез арада жөнгө салуу талабын айтышкан. Кулмурзаев ошондой эле Энергетика жана өнөр жай министри Автандил Калмамбетовдун эки күндүн биринде эле ЖКнын комитет жыйындарына катышып, иштегенге мүмкүнчүлүгү болбой жатканын айтты.