Бишкекте талап-тоноочулукка шектелип эки жаран кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 2-майда билдирди.
Маалыматтарга караганда, Чүй облусунун 29 жаштагы Койчубек аттуу тургунун белгисиз адамдар күч колдонуп тоноп кетишкен. Ыкчам аракеттердин натыйжасында 21 жашатагы Эламан жана 22 жаштагы Эсенбек аттуу жарандар аталган кылмышка шектүү катары кармалышкан. Учурда иликтөө иштери уланууда.