"Турак үйлөрдөн баалуу буюмдарды жана акча уурдаган" деген шек менен 2 адам кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 2-майда билдирди.
Белгилүү болгондой, укук коргоо кызматкерлери тарабынан кармалган 53 жаштагы Вячеслав аттуу жаран "29 жаштагы Самат аттуу тургундун үйүнүн короосунан 34 миң сомго бааланган курулуш каражаттарын уурдаган" деп шектелүүдө.
Ал эми Иван аттуу жарандын үйүнөн белгисиз адамдар 17 миң сомун уурдап кетишкени маалым болуп, кылмышка шектүү катары борбор калаанын тургуну кармалды. Учурда аталган фактылар боюнча иликтөө иштери уланууда.