Кыргызстан мусулмандарынын муфтийи Максатбек ажы Токтомушев атайын иш сапары менен Кувейт мамлекетине жөнөп кетти. Бул тууралуу бүгүн, 2-майда Дин башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, муфтий Максатбек ажы Токтомушев Кувейттеги КРнын ыйгарым укуктуу элчиси Жусупбек Шарипов менен биргеликте 29-апрель күнү Кувейт мамлекетинин падышасынын аппаратынын кеңешчиси, доктор Абдулла Маътук аль Маътук, вакф жана ислам дин иштери боюнча министр, доктор Наиф Аль Ажми жана анын орун басары Адил Аль Фалах жана Зекет фондунун башкы директору Ибрахим Ахмад Абдулла Ас Саалих менен жолугушту.
Андан сырткары эки мамлекет ортосундагы диний байланыштарды күчөтүү максатында кеңири сүйлөшүүлөр жүргүзүлүүдө.