Борбор калаада "тургундардын уюлдук телефонун күч менен тартып алган жана уурдаган" деген шек менен 3 жаран кармалды.
Маалыматтарга караганда, Шопоков көчөсүнөн белгисиз адамдар күч колдонуп Алтынбек аттуу жарандын уюлдук телефонун тартып алышкан. Издөө иштеринин натыйжасында кылмышка шектүү катары 16 жаштагы Акжан жана 18 жаштагы Дастан кармалган.
Ошондой эле борбордогу кафелердин биринен 18 жаштагы Медер аттуу жарандын уюлдук телефонун белгисиз адам уурдап кеткени тууралуу маалымдалган. Аталган кылмышка шектүү катары 24 жаштагы Мирлан аттуу жаран колго түшүрүлгөн.
Учурда жогорудагы кылмыштар боюнча иликтөө иштери жүрүүдө.