"Тергөөчү тарабынан сабалды" делген жактоочу чындыкка туура келбеген нерселерди айтып жатат" дейт Ош шаардык ички иштер башкармалыгы

Кечээ, 1-майда жактоочу Динара Турдумаматованы Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын тергөөчүсү З.Бекмурзаев өзүнүн иш бөлмөсүндө ур-токмокко алган. Бул тууралуу бүгүн, 2-майда "Эдвокаси" адам укугун коргоо борбору билдирди.

Маалым болгондой, Ош ШИИБинде аталган тергөөчү мыйзамсыз курал-жарак сактоо фактысына шектелип кармалган 3 адамды суракка алып жаткан. Аны аталган жактоочу Динара Турдумаматова өз телефонуна тартып алган. Ошол учурда тергөөчү З.Бекмурзаев жактоочудан видеону өчүрүүнү талап кылган. Бирок Динара Турдумаматова анын талабын аткаруудан баш тартканда тергөөчү анын колун кайрып, телефонун күч менен тартып алган жана үч жолу башка урган. Натыйжада Динара Турдумаматова денесинен жаракат алып, ооруканага түшкөн. 

Бул тууралуу ШИИБдин басма сөз катчысы Замир Сыдыков: "Бул айым чындыкка дал келбеген нерсени айтып жатат. Эгер кааласаңар экөөнү бет маңдай отургузуп сүйлөштүрүп көргүлө, чындык ким тарапта экенин билесиңер",- деди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
mir89kg
2014-05-02 15:24:20
Шамал болбосо теректин учу кыймылдабайт. Урбаса каяктан ооруканага жатсын. Озу чындыгында Ошто тергоочулор кооп кетиптир. Алы жеткенге асылмай болуп калыптыр. Чондор адам олтурсо да эчтеке дешпейт, ал эми карапайым калк тоок урдап 5-6 жылга эркинен ажырап олтурат. Кыргызстанда Мыйзам кедейлер учун гана жазылгандай.....!!!
+2
SayKal1218
2014-05-04 22:47:31
mir89kg, бул аял маданиятсыз, ал адвокаттык эле эмес, жонокой адамдык журум-турумду билбеген ХХХ адам. Билим денгээли ото томон. Жон гана бакырып, окуруп женип келет. Бут Ош областы жаман жагынан тааныйт. Эгерде урган болсо ажап уруптур, ал озу ошондой ХХХ ХХХ аял. урбаса дагы бет тырмап жатат болуш керек. Журум-туруму начар, ХХХ ХХХ ХХХ.
0
SayKal1218
2014-05-04 22:44:00
Бул Динара деген адвокат озунчо эле кудай болуп алган. ХХХ ХХХ ХХХ... Ото маданиятсыз, элементардык этиканы билбеген ото орой аял.
0
admin_portal
2014-05-05 15:05:01
SayKal1218 - 5 күнгө БАН!
Такталбаган, далили жок маалыматтарды жазып, кимдир-бирөөнүн кадыр-баркына шек келтирүүгө, кемсинтип, мазактоого тыюу салынат.
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан