Ош шаарында К.Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү кармалды

Ош шаарында К.Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү кармалды. Бул тууралуу ИИМдин Ош шаары жана Ош облусу боюнча Башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы бүгүн, 2-майда билдирди.

Маалыматка караганда, кечээ, 1-май күнү саат 18:00 чамасында Ош шаарында "кримтөбөл" Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү  К.У. аттуу жаран кармалган. Анын башкаруусундагы Тойота Виндом унаасы текшерүүгө алынганда номуру сүртүлгөн ок атуучу курал табылган. Учурда кармалган адам убактылуу кармоочу жайга киргизилип, “ок атуучу куралдарды, ок-дарыларды, жарылуучу заттарды жана жардыргыч түзүлүштөрдү мыйзамсыз алуу, берүү, өткөрүү, сактоо, ташуу же алып жүрүү” беренеси боюнча кылмыш иши козголду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан