Токмок шаарындагы айланма жолдо жол кырсыгынан 1 аял жабыр тартты

2012-жылдын 31-декабрында болжол менен саат 13:45 чамасында Бишкек-Торугарт унаа жолунун 56-чакырымында Токмок шаарына жакын жердеги айланма жолдо кара түстөгү Хонда Степвагон үлгүсүндөгү автоунаа жолдон чыгып кеткен. Жол кырсыгынан Аламүдүн районуна караштуу Ак-Босого айылынын тургуну, 40 жаштагы О.А. аттуу аял жабыркап, Токмок шаарынын аймактык ооруканасына кайрылган. Дарыгердин текшерүүсүнөн кийин ал ооруканага жатуудан баш тарткан. Бул факт боюнча 2013-жылдын 1-январында Токмок ШИИБинин тергөө бөлүмү тарабынан КРнын Кылмыш жана жаза кодексинин 281-беренеси (Транспорт каражаттарынын кыймыл жана пайдалануу коопсуздугунун эрежелерин бузуу) боюнча кылмыш иши козголуп, иликтөө жүрүп жатат. Бул тууралуу Чүй ОИИБинин маалымат кызматы билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан