Орусиядагы Москва мамлекеттик эл аралык мамилелердин институтунда (МГИМО) 2014-2015-окуу жылына Кыргызстандын 6 жаранына орун даярдалды. Бул тууралуу бүгүн, 2-майда КРнын Орусиядагы элчилигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, аталган окуу жайда окууга ниеттенгендерге чет тилдерди билүү негизги талаптардын бири болуп эсептелет. Ал эми эл аралык мамилелер факультетинде окууну каалагандар математика сабагынан күчтүү болушу зарыл. Талапкерлерди каттоо жана тестирлөө КРнын Тышкы иштер министрлигинин Дипломатиялык академиясында өткөрүлөт.
Белгилей кетсек, Орусиянын Тышкы иштер министрлиги Кыргызстанга жыл сайын квоталарды берип келет.