Татарстандын муфтийин өлтүрүүгө аракет кылган согушчандар жок кылынды

Татарстандын муфтийин өлтүрүүгө аракет кылган согушчандар жок кылынды. Бул тууралуу бүгүн, 2-майда чет элдик маалымат булактары кабарлашты.

Эске салсак, 2012-жылдын октябрь айында Татарстандын муфтийи Илдус Файзовдун өмүрүнө кол салуу болгон. Согушчандар муфтийдин Тойота Лэнд Крузэр үлгүсүндөгү унаасындагы жүргүнчүнүн отургучунун астына жардыргыч зат коюшкан. Бирок ал күнү Илдус Файзов айдоочусу жок, унааны өзү айдап бара жатканда жардыруу болгон. Муфтий күйүп жаткан унаадан өз алдынча чыгып кетүүгө үлгүрүп, кийин ооруканага жеткирилген. Ушул эле күнү Татарстандын муфтийинин орун басарын үйүнүн алдында атып кетишкен.

Аталган кылмышка шектүү согушчандарды жок кылуу 30-апрелден 1-майга караган түнү болуп өттү. Ыкчам иш-аракеттин натыйжасында Раис Мингалеев, Беслан Назипов аттуу террорчулукка шектелип эл аралык издөөдө жүргөн согушчандар жок кылынган.

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Topcubai
2014-05-02 16:38:31
астахфирилах
+1
No_comment.
2014-05-02 16:44:26
Кремилдин малайлары!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан