Мурунку транспорт жана байланыш министри Нурлан Сулаймановго байланыштуу коррупциялык схемалар ачыкталууда

Мурунку транспорт жана байланыш министри Нурлан Сулаймановго байланыштуу коррупциялык схемалар ачыкталууда. Бул тууралуу бүгүн, 2-майда башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматтарга караганда, Нурлан Сулайманов 2007-жылы министрлик кызматты аркалап турган мезгилде жол иштерине керектелүүчү каражаттарды сатып алуу боюнча тендерлерде өзүнүн туугандарынын жана жакын санаалаштары башкарган фирмалардын кызыкчылыктарын коргоп келген. Жыйынтыгында Нурлан Сулаймановдун колдоосуна ээ болгон фирмалар алдын ала төлөмдөрдү жүз пайыз алышкан. Бирок жол иштеринде керектелүүчү каражаттарды толук түрдө алып келишкен эмес же жогорулатылган баа менен алып келип турушкан.

Эске салсак, 23-апрелде КРнын Башкы прокуратурасы тарабынан мурунку транспорт жана байланыш министри Нурлан Сулаймановго Кылмыш-жаза кодексинин 304-беренесине ылайык айыбы сыртынан угузулган жана Октябрь райондук соту тарабынан камакка алуу боюнча чечим чыгарылып, ал издөөгө алынган. Нурлан Сулаймановдун министрлик ишмердигинен мамлекет 41 220 025 сом зыян тартканы айтылууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Akshumkar
2014-05-02 18:09:51
акмак Кыргыз элимдин кусуру урсун
+2
sagyn01
2014-05-02 18:53:07
Akshumkar, azyrky ministrler kyiratyp taza ishtep jatkandai suilopsun, myndai jegichter bolup kelgen bolo beret, kyrgyz eli konup dele kaldy
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан