Бүгүнкү күндө Бишкек шаары боюнча 21 500 “акылдуу” эсептегич орнотулду. 6-май күнү Бишкек жана Чүйдүн айрым аймактарында “акылдуу” эсептегичтерди орнотуу дагы улантылат. Бул тууралуу 2-майда "Түндүк электр" ишканасынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 6-майда саат 9:00дөн 17:00гө чейин Ала-Тоо конушундагы (Сары-Учкун, Туюк-Жар, Кара-Булак көчөлөрүндө), Бакай-Ата конушундагы (Анар, Акбалта, Ырчы-Уул, Эр-Табылды, Жийделүү, Кыз-Сайкал көчөлөрүндө), Эне-Сай конушундагы (Архон көчөсүндө), Ак-Тилек конушундагы (Кырк-Чоро, Дзержинский көчөлөрүндө); Ак-Өргөө конушундагы (Арабаев, Саадак, Кыбыла, Тогуз-Канат көчөлөрүндө), Алтын-Ордо, Дордой конуштарында (чоң жолдун өйдө жагында жана Аламүдүн суусу агып өткөн тарабында) "акылдуу" эсептегичтер орнотулат. Ага байланыштуу аталган аймактарда электр жарыгы убактылуу өчүрүлөт.