Каныбек Осмоналиев: "Кыргызстанда диний билим берүү системин тартипке салуу керек"

"Кыргызстанда диний билим берүү системин тартипке салуу керек" деп билдирди парламенттин Илим, билим, маданият жана спорт комитетинин төрагасы Каныбек Осмоналиев. Анын айтымында, учурда өлкөдө диний билим берүү системи кыйроочу абалга келип калды. “Мектептерде диний курстар уюштурулуп жатат. Мен адистешкен диний багыттагы жалпы билим берүүчү лицейлерди ачуу керек деп ойлойм, балдар мамлекеттик аттестат ала тургандай. Бул дүйнөлүк тажрыйба” дейт эл өкүлү. Депутат түштүк аймагына барып, ЖОЖдордун ректорлору, мектептердин директорлору менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзөрүн билдирди. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан