Бүгүн, 2-майда КРнын Вице-премьер-министри
Валерий Диль Германия Федеративдүү Республикасынын Кыргызстандагы толук жана ыйгарым укуктуу элчиси
Гудрун Среганы кабыл алды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы маалымдады.
Жолугушууда эки өлкө ортосундагы соода-экономикалык жана гуманитардык кызматташтык маселелери талкууланды. Валерий Диль Германия мамлекети инвестицияларды тартуу багытында ийгиликтүү иш алып барып жаткан өлкөлөрдүн бири экенин белгилеп өттү.
“Менин оюмча, Германия Федеративдүү Республикасынын тажрыйбасын биздин өлкө үчүн колдонуу ийгилик алып келет. Бизге айыл чарба продукцияларын кайра иштетүү, жол куруу, энергетика, туризм, коомдун коопсуздугу багытында тажрыйба алмашуу маанилүү”,- деди Диль.