Электр тармактарынын профилактикалык иштерине байланыштуу Бишкектин жана Чүйдүн айрым райондорунда дем алыш күндөрү электр жарыгы убактылуу өчүрүлөт. Бул тууралуу бүгүн, 2-майда "Түндүк электр" ишканасынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 4-май күнү саат 9:00дөн 17:00гө чейин Осипенко, Исанов, Тюменьская көчөлөрүндө, Киргизия-1 конушунда (Аман, Улан көчөлөрүндө) №72, 1493-трансформаторлорундагы оңдоо иштерине байланыштуу электр жарыгы үзгүлтүккө учурашы мүмкүн.
Ошондой эле 6-май күнү саат 9:00дөн 17:00гө чейин Сокулук районундагы Сокулук айылындагы (Киров, Ленинград, Школьная, Ош, Москва, Жеңиш көчөлөрүндө), Романовка айылындагы (Озёрная, Пионерская көчөлөрүндө) жогорку чыңалуудагы "Главная" көмөк чордонундагы оңдоо иштерине байланыштуу электр жарыгы убактылуу өчүрүлөт.