Турсунбек Акун: "Баткендеги чек ара чыры боюнча кыргыз тараптан кемчилик кеткен"
"Баткен облусунун Сох анклавындагы чек ара чыры боюнча Кыргызстан тараптан бир аз күнөө кеткен". Бул тууралуу Акыйкатчы Турсунбек Акун 8-январда маалымат жыйын учурунда билдирди. Анын айтымында, Кыргызстандын чек ара постуна электр энергия алып өтүү үчүн орнотулган зым карагайлар такталбаган чек ара аймагына орнотулуп, аларды алып салуу тууралуу эки өлкөнүн тиешелүү органдары макулдашкан. Бирок бул макулдашууга карабай Сох анклавындагы өзбек тургундары кыргыз айылына кирип келип, кыргыздарды кордоп, үйлөрүнөн сүйрөп алып кетишкен. "Делимитация, демаркация маселелерин чечмейинче мындай кырдаалдар жарала берет" деди Турсунбек мырза.