Сеулда метродо эки поезд кагышып, 200дөй адам жабыркады

Кечээ, 2-майда жергиликтүү убакыт боюнча саат 15:30 чамасында Сеул шаарындагы Санвансимни станциясында метродо эки поезд кагылышкан. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, экинчи поезддин машинисти токтоп турган поездди көрүп, тормозду басууга аракет жасаган. Бирок анын аракети кеч болуп калган. Кагылышуудан токтоп турган поезддин арткы эки вагону рельстен чыгып кеткен. Катталган кырсыктын кесепетинен 200гө жакын адам жаракат алып, жакын жердеги ооруканага жеткирилген. Алардын үчөө чет элдик жарандар болгон. Алардын көпчүлүгү вагондон сыртка секирип түшүү учурунда жаракат алышкандыгы айтылууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Desmond
2014-05-03 15:18:06
Уужас
+1
Nurik540iibm
2014-05-03 16:30:21
Машисттер ичвалганбы ? Метродо албетте жопкер озуно ишенген Адам машинист болушу керекда канчалаган элдин тагдыры
+2
Biinura
2014-05-03 18:46:56
Техникалык ынгайсыздыктан(из-за технических поломок) токтоп турган поезддин артынан кезектеги поезд келип кагылышуу болгон. Диспетчер кунолуу болсо керек.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан