Түштүк Кореядагы "Севоль" кеме кырсыгынан каза болгондордун саны 226га жетти

Түштүк Кореядагы кырсыктан каза болгондордун саны 226га жетти. Куткаруучулардын айтымында, ондогон адамдардын дайыны чыкпай калышы мүмкүн. Алар муну деңиз агымы чөккөндөрдүн денесин агызып кетип жаткандыгы менен түшүндүрүшкөн. Ошондой эле алар издөө иштери май айынын ортосунда аякталары тууралуу айтышкан. Бул тууралуу бүгүн, 3-майда чет элдик маалымат булактары жазышты.

Эске салсак, 16-апрель күнү Түштүк Кореяда жүргүнчүлөрдү ташуучу кеме чөгүп кеткен. Анда 475 адам болгон. Алардын 325и - саякатка чыккан мектеп окуучулары, 14ү - мугалимдер, 111и - жүргүнчүлөр, 25и - экипаждын кызматкерлери.

18-апрелде окуучуларды кемеде коштоп жүргөн мектептин директорунун орун басары Кан Мин Гю бул окуяга өзүн күнөөлүү сезип, спортзалда асынып алган эле. Ал эми 19-апрель күнү кеменин капитаны Ли Чжун Сок “өз милдеттерин так аткарган эмес” жана “деңиз мыйзамдарын одоно бузган” деп айыпталып, камакка алынды. Ал кеме чөгүп бара жатканда экипажды башкарбай чыгып кеткенин жана ал учурда кемени 25 жаштагы жардамчысы башкарганын айтып, күнөөсүн мойнуна алган. 

Ошондой эле 27-апрелде Түштүк Кореядагы кеменин кыйрашына байланыштуу өкмөт башчы Чон Хон Вон отставкага кеткен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан