Кечээ, 2-майда Одесса шаарында Профсоюздар үйүндө болгон кагылышуудан жана өрттөн 46 адам каза таап, 200гө жакын адам жаракат алды. Бул тууралуу бүгүн, 3-майда орусиялык жана украиналык маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, "Евромайдандын" активисттери, футбол фанаттары жана "антимайданчылардын" ортосунда кагылышуу чыккан. Имараттын ичинде орусиячыл жикчилдер жүргөн. Алар имараттын чатырынан Киевдеги өкмөттү колдогондорду көздөй күйүүчү май куюлган бөтөлкөлөрдү ыргытып, аларды аткылашкан. Жыйынтыгында Профсоюздар үйүнүн фойесинде, 2-3-кабаттарында өрт чыккан. Ичиндегилердин көбү өрттөн качып, жогорку кабаттардан секиргенде мерт болушкандыгы айтылууда.