Бүгүн премьер-министр Жоомарт Оторбаев Казакстанга иш сапары менен барды

Бүгүн, 3-майда КРнын Премьер-министр Жоомарт Оторбаев Казакстанга иш сапары менен барды. Өкмөт башчы иш сапарынын алкагында Казакстандын премьер-министри Карим Масимов менен жолугушуп, эки тараптын кызматташтыгы жана соода-экономикалык байланышты кеңейтүү тууралуу сүйлөшмөкчү.

Ошондой эле Жоомарт Оторбаев Азия өнүктүрүү банкынын башкаруучулар кеңешинин 47-жыйынына катышат.

"Мындан сырткары иш сапар учурунда өкмөт башчы абройлуу өнүгүү институттарынын жана дүнөлүк ири банктардын жетекчилери менен жолугушат",- деп билдирди бүгүн, 3-майда өкмөттүн басма сөз кызматы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан